• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандагы айыл аймактарда тери-жүндү кайра иштеткен чакан ишканаларды куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Кыргызстандагы ар бир айыл аймактарда тери-жүндү кайра иштеткен чакан ишканаларды куруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Фермерлерге малдын терисинин сапатын бузбай сыйрып ала турган атайын станок сунушталууда. Баасы 160 миң сом. Маалыматта айылдарда тери бычак менен кесилип, тешилип жараксыз абалга келип, натыйжада андай терилер өтпөй тургандыгы айтылат.

Бүгүнкү күндө ата мекендик компаниялар фермерлерден терилерди канча көлөмдө болсо дагы сатып алууга даяр (ак тери 200 сомдон, кара терини 70-80 сомдон). Болгону бир шарт бар — станок менен сапаттуу сыйрылып, боёксуз болушу керек.

"Андыктан Кыргызстан боюнча малдын терисинин бардык түрүн кайра иштетүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Ар бир айылда керексиз болуп, таштандыда жаткан жүн ыргытылбай баалуу продукцияга айланат. Башкача айтканда, ар бир айыл аймагына жүндү кайра иштеткен чакан өндүрүш линиясын куруу колго алынат. Жүндүү жуучу машинаны баасы 126 380 сом, жүндү тытуучу станок — 144 625 сом, жууркан тигүүчү станок — 214 490 сом, жалпы бир комплект линиянын жалпы баасы — 485 500 сом болот", - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий