• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Алтын медалга талапкер болгон бүтүрүүчүлөр майдын ортосунда "Алтын тамга" сынагын тапшырат

Билим 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Жалпы билим берүү программалары боюнча “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын стандартташтырылган бланкалык тести 2024-жылдын 14-майында өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

“Алтын тамга” тести талапкерлердин окуган тилинде (кыргыз, орус, өзбек тилинде) төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт:

  • эне-тили жана адабияты (45 мүнөт);
  • математика (70 мүнөт);
  • кыргызстандын тарыхы (45 мүнөт);
  • химия (60 мүнөт).

“Алтын тамга” тестине катышуу билим алуунун формасына карабастан жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен өздөштүргөн, артыкчылык документине талапкер болгон жалпы билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.

“Алтын тамга” тестин өткөрүүнүн максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

- артыкчылыгы менен орто жалпы билими жөнүндө документти алууга талапкердин билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоону жүргүзүү;

- Кыргызстанда мектептик билим берүүнү, мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Пикир

Оставить комментарий