• 88.68
  • 95
  • 0.95

Зулушев: Былтыр мыйзамсыз менчиктештирилген 21 соцобъект мамлекетке алынды

Коом 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. 2023-жылы мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 21 социалдык объект жана аларга тиешелүү жерлер мамлекетке кайтарылган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында отчет берип жатып айтты.

Зулушев белгилегендей, анын ичинде 9 бала бакча, 3 мектеп, 1 жогорку окуу жай, 1 дарыкана, 2 ФАП, 1 жатакана жана 1 ат майдан бар. Ошондой эле 2 мектеп жана 1 маданият үйүнө тиешелүү жер тилкелери кайтарылган.

"Мисалы, Бишкек шаарында 290 млн 150 миң сомго бааланган окуу жайдын имараты жатаканасы жана жер тилкеси менен кошо мамлекетке алынды", - деди башкы прокурор.

Пикир

Оставить комментарий