• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2025-жылы Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышат

Билим 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15 жаштан 16 жашка чейинки ар бир окуучу изилдөөнүн катышуучусу болушу ыктымал. Ал эми мугалимдер окуучулардын функционалдык сабаттуулугун тынымсыз өнүктүрүүгө умтулушу керек, бул мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен түздөн-түз байланыштуу.

"2025-жылы негизги изилдөөгө катышуу үчүн кайсы мектептин окуучулары тандалып алынары белгисиз, андыктан өлкөнүн бардык мугалимдери жана окуучулары тесттерди билиши жана тапшырууга даяр болушу маанилүү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Билим берүү министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунун расмий сайтында PISA тестине даярдык көрүү боюнча тесттердин топтому жайгаштырылган. Анда мугалимдер жана ата-энелер үчүн тесттердин түрү жеткиликтүү, аларды пайдалануу менен балдар менен чогуу PISAга даярдык көрүүгө бардык шарттар түзүлгөн.

PISA (Programme for International Student Assessment) – окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. 2025-жылы өтүлүүчү PISA сынагына болжолу 100 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий