• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кожобеков: Кыргызстандык ЖОЖдордун дипломдору башка өлкөлөрдө таанылышы керек

Билим 0

Бишкек, 25.01.18. /Жамиля Жакыпбекова - Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков кыргызстандык ЖОЖдордун дипломдорун башка өлкөлөрдө таанылышына жетишүү керектигин билдирди. Бул тууралуу ал “ЕАЭБ рыногу үчүн адистерди кесиптик даярдоонун жалпы билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу” конференциясында айтты.

Анын айтымында, мындай кадам кыргызстандыктарды чет жакта квалификациялуу иш менен камсыздоо үчүн зарыл. Ошондой эле ал жалпы квалификациялык системаны кайра карап чыгуу маселеси курч турарын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жүрүүдө. Ошондой эле биздин алдыбызда – кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу маанилүү маселеси турат. Эмгек рыногу бүтүрүүчүлөргө кандай талаптары бар экенин билдирип, бизге жардам бериши керек. Биз 70 жыл план боюнча иштегенбиз, кандай адистиктер бар экени так аныкталган болчу. Эми учурда кесиптердин тизмеси күн сайын өзгөрүүдө, жаңы адистиктер, компетенциялар пайда болуп, бир жылдан соң эскирип калып жатат. Бүтүрүүчүнүн компетенттүү модели бар. Биз бул моделге жетишүү үчүн бардык документтерди иштеп чыгышыбыз зарыл”, - деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, билим берүү тутуму кызыкдар тараптардын, тагыраагы жумуш берүүчүлөрдүн жардамына муктаж.

“Эгерде биз ЕАЭБдин курамында болсок, анда кандай адистиктер жана талаптар бар экенин билүүбүз абзел. Балким баштапкы, орто жана башка билим берүү деңгээлинде биз кандайдыр бир компетенцияларды түзө алабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий