• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын жогорку окуу жайларын трансформациялоо күтөт — министрлик

Билим 0

Бишкек, 22.05.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2023-жылдар аралыгында жогорку окуу жайлардагы билим берүүнү «Университет 4.0» моделине трансформациялоо программасын иштеп чыкты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, программанын максаты – ар түрдүү изилдөөлөр жана чыгармачыл долбоорлор, инновацияларды жаратуу үчүн эркин мейкиндик, технологиялык жетишкендиктер жана алдыңкы бизнес-идеяларды генерациялоо үчүн көп тараптуу платформалар менен жаңы форматтагы университеттик экосистеманы түзүү, ошондой эле рыноктун талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу.

Университеттин жаңы форматы окуп жаткандар үчүн да, профессордук-окутуучулар курамы жана окумуштуулар үчүн да таланттарды тандап алуу, өнүктүрүү жана шыктандыруунун жогорку эффективдүү системасын камтыйт.

Жогорку окуу жайлардын экономиканын реалдуу секторундагы ишканалар жана уюмдар менен өз ара иштешүүсүн кеңейтүү, инновациялык иштелмелерди чет өлкөлүк рынокторго жылдыруу, ачык маалыматтык чөйрөнү, социомаданий жана спорттук-ден соолукту чыңдоо инфраструктурасын, шаардын технополиси катары университеттин кампусун өнүктүрүү пландалууда.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров айткандай, жаңы университет таланттуу жана алдыга умтулган жаштарды, анын ичинде чет өлкөлүк абитуриенттерди, окууга тапшыруу үчүн тартууга, ошондой эле ЖОЖдорго келечектүү жана жаш кызматкерлерди тартып келүүгө, илимий кызматкерлердин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.

Ошондой эле бул программа республикалык жана эл аралык рейтингдерде университеттерди алдыга жылдырууну, университеттин позитивдүү имиджин калыптандырууну көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий