• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн вебинарлар башталды

Билим 0

Бишкек 14.08.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн жаңы 2023/2024-окуу жылына карата усулдук жардам берүү максатында вебинарлар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Вебинарлар Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун базасында zoom платформасы аркылуу өтүп, ага 7 миңге жакын педагог катышууда.

2023-жылдын 15-16-17-август күндөрү Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан өткөрүлө турган вебинарлардын темасы:

  • “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында санариптик технологияларды колдонуунун жолдору”;
  • “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин үйрөтүүдө колдонуучу жаңы методдор жана технологиялар”;
  • “Практикага багыттап окутуу кенже мектеп окуучуларынын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун негизи катары”;
  • “5-11-класстарда “Грамматикадан кепке технологиясын” колдонуу”;
  • “2023-2024-окуу жылында кыргыз адабияты предметин окутуу боюнча методикалык сунуштар”;
  • “Орус тилин экинчи тил катары окутууда текстке борборлоштурулган мамиле”;
  • “Адабият сабагындагы суроолор жана жооптор: канткенде окуучунун үнүн угабыз”.

Пикир

Оставить комментарий