• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров КЭР СУАРга расмий сапар менен барат. Визиттин деталдары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) расмий сапар менен барат. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь бүгүн визитти даядоо жана өткөрүү маселесин талкуулашты.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын май айында Кытайга мамлекеттик сапарынын жана «Борбордук Азия-Кытай» Саммитине катышуусунун жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

"Андан тышкары, 2023-жылдын октябрында Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга боло турган расмий сапары талкууланды", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Тараптар Кытай Өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүүнүн жүрүшүнө токтолуп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун алдыга жылдырууну тездетүүнүн, «Торугарт» жана «Ирештам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруунун, ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Учурдан пайдаланып, министр Кулубаев Ван Инин Кытайдын Тышкы иштер министри болуп дайындалышына байланыштуу куттуктоо сөздөрүн айтып, аны каалаган убакта Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий