• 88.68
  • 95
  • 0.95

Текебаев Берлинде көргөзмөгө катышып жаткан кыргызстандык ишкерлер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын JIA бизнес-ассоциациясынын ишкерлери Берлинде жыл сайын өтүүчү "Жашыл жумалык-2024" эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошондой эле ишкерлер жаңы технологияларды изилдөө жана немис компаниялары менен кызматташууну түзүү жана немис ишкерлери менен тажрыйба алмашуу максатында келишкен.

Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев көргөзмөгө катышуу үчүн келген ишкерлер менен жолугуп, элчиликтин экономикалык дипломатия жаатында жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана германиялык технологияларды Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча ишкерлер менен пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий