• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги базарлардын администрация өкүлдөрү онлайн салыктык кызматтарды пайдалануу боюнча окуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынын базарларынын администрацияларынын өкүлдөрү үчүн онлайн салыктык кызматтарын пайдалануу боюнча окутуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, салык кызматкерлери электрондук салыктык кызматтарды пайдалануу, анын ичинде Salyk.kg мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук патент алуу, Салык кызматына барбастан "жеке кабинет" аркылуу салыктык кызматтарды пайдалануу, ошондой эле Бирдиктүү идентификациялоо системасы (ЕСИ) аркылуу "жеке кабинетке" кирүү мүмкүндүгүн алуу учурундагы иш-аракеттердин кадамдык алгоритмин түшүндүрүштү.

Учурда электрондук патентти алуу жана узартуу үчүн салык органдарына баруу талап кылынбайт. "Жеке салык кабинетин" же Salyk.kg мобилдик тиркемесин колдонуу гана жетиштүү. Ал үчүн төлөм ар кандай электрондук капчыктар, терминалдар же онлайн-банкинг аркылуу накталай эмес түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.

Ишкерлер тарабынан контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу маселелери боюнча базарлардын администрацияларынын өкүлдөрүн окутууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле салыкчылар базарларда иштеген ишкерлерге патенттин ордуна кандай салык режимин тандоо керектигин кеңири айтып беришти.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып соода иши үчүн патентти колдонуу токтотулат. Белгиленген күнгө чейин патент менен соода жүргүзгөн ишкерлер ылайыктуу салык режимин – жалпы салык режимин же бирдиктүү салык режимин тандашы керек.

Иш-чаранын жүрүшүндө салык кызматкерлери катышуучулардын соода ишине тиешелүү салыктык өзгөрүүлөр жана тема боюнча суроолорго жооп беришти.

Базарлардын администрацияларынын өкүлдөрү алган билимдерин базарларда иштеп жаткан ишкерлерге жеринде түшүндүрүп берүүлөрү керек.

Пикир

Оставить комментарий