• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга БАЭден тамак-аш түрүндөгү гумжардам келди

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан тамак-аш түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, кечээ, 29-апрелде БАЭ өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам “Etihad Airways” авиакомпаниясынын атайын каттамы менен "Манас" эл аралык аэропортуна келип түштү.

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү "Манас" эл аралык аэропортуна гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу процессине катышты.

Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында, бул гуманитардык жардам жакын арада Баткен аймагына жеткирилет.

Пикир

Оставить комментарий