• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен: Интернационал айыл башчысын барымтага алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Баткенде айыл өкмөт башчысын барымтага алып кеткен факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Интернационал айылынын кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” участкасына жакын аймакта 2 кыргыз жараны каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылынын башчысы барган учурда тажик жарандары аны барымтага алып алышкан.

Бул факт Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий