• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Эртең, 18-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин жаз-жай мезгилине даярдануу максатында “ХБО” суу алуучу жайында жана шаардын суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын 7-апрель, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймакта таза суу токтотулат.

Анын ичинде:

  • №99-кесиптик лицей;
  • "Алёша" жабык акционердик коому;
  • "Бишкек Нан” ачык акционердик коому;
  • КВАНТ Х;
  • "ДСМ" ачык акционердик коому;
  • "Акмарал" дизайн кызматы;
  • Транспорт башкармалыгы;
  • № 3 Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы;
  • "Учкомбинат" ачык акционердик коому;
  • Кыргыз Авто ВАЗ;
  • "Дасмия" рестораны;
  • Чүйдүн жогорку чыңалуудагы “Электр тармактары” ишканасы ;
  • Медиафарм;
  • "Кыргызмедтехника" жоопкерчилиги чектелген коому;
  • Саламаттыкты сактоо департаментинин автобазасы;
  • Илим жана бизнес эл аралык университети (мурдагы "Электротехник" ачык акционердик коому);
  • Горький көчөсүндөгү басмакана;
  • “Эсептөө жабдуулары жана автоматташтыруу каражаттары” жоопкерчилиги чектелген коому;
  • «Айданфарм» жабык акционердик коому;
  • "Алкар Авто" жоопкерчилиги чектелген коому;
  • " Клин-Скин " корей косметикасы;
  • " Нисси " тигүү ишканасы;
  • Горький көч. № 3а дарегиндеги редакция;
  • М.Горький көч. № 1а дарегиндеги жеке ишкер. ;
  • "Триод" жоопкерчилиги чектелген коому;
  • “Керамин” жоопкерчилиги чектелген коому;
  • “Биксер Спорт”дүкөнү;
  • "Төкөлдөш" конушу;
  • "Имхотек" жоопкерчилиги чектелген коому;
  • Авто тейлөө;
  • Анкара көч. №3 дарегиндеги улуттук ашкана;
  • Корея элдер үйү;
  • Анкара көч. № 3а / 1 дарегиндеги продюсердик борбор;
  • "Дубровский" рестораны;
  • Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы;
  • “Натурал пласт” жоопкерчилиги чектелген коом ;
  • "Бамбук" ашканасы;
  • "Алюмтехпласт" жоопкерчилиги чектелген коом;
  • "Дордой Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун соода өкүлдөрү;
  • "BULGAKOVS" тигүү ишканасы;
  • "Чынар" мейманканасы;
  • 7-апрель көч. № 4а дарегиндеги Кыргызстан эл аралык университети .

“Бардык жашоочуларга жана социалдык-маданий объектилерге МАБ жана кварталдык комитеттердин төрагалары аркылуу ичүүчү суунун өчүрүлүшү жөнүндө кошумча эскертүү берилет”, - деп айтылат маалыматта.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Эскерте кетсек, суу менен камсыздоодо бардык суроолор боюнча төмөнкү телефонго кайрылыңыздар: 1533 - бул жарандардын кайрылуулары боюнча бирдиктүү маалымат борбору. Ошондой эле 1840 жана 1850 номурлары борбордук мэриянын колл-борбору күнү-түнү иштейт, көйгөйлөр бар фото жана видео фактыларды WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Пикир

Оставить комментарий