• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Гоголь көчөсү оңдолду

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдолгон көчөнүн жалпы аянты унаа токтотуучу жайларды кошкондо эки миң беш жүз метрди түзөт.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери «Стальмонтажплюс» ЖЧКсы менен Свердлов райондук муниципалдык администрациясы тарабынан «Стальмонтажплюс» ЖЧКсынын демөөрчүлүк каражатынын эсебинен жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий