• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адылбек Касымалиев АӨБ директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, энергетика, жеке секторду колдоо, санариптештирүү, жашыл экономика жана адам капиталын өнүктүрүү сыяктуу кызматташуунун багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Адылбек Касымалиев белгилегендей, өлкөнү өнүктүрүү үчүн ыкчам жана натыйжалуу чараларды көрүүнү мезгил талап кылып жатат.

«Кыйынчылыктардын жана тобокелдиктердин Кыргызстанга тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн 2022-жылга Антикризистик план жана министрлер кабинетинин иш планы иштелип чыккан. 2022-жылдын январь-сентябрь айларында экономикалык өсүштүн 7,2% деңгээлинде оң тенденциясы байкалды. Министрлер кабинети бюджеттин туруктуулук көрсөткүчтөрүн тыкыр көзөмөлдөп турат», - деди Адылбек Касымалиев жана Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири өлкөнүн аймактарынын, өзгөчө Баткен облусунун экономикасын комплекстүү өнүктүрүү экенин кошумчалады.

Өз кезегинде АӨБ директорлор кеңеши каржылоодо төмөнкү негизги артыкчылыктуу багыттар: жакырчылыкты кыскартуу, жеке секторду колдоо, климаттын өзгөрүү маселелери, транспорт, энергетика, сапаттуу мамлекеттик башкаруу жана аймактык кызматташтык карала турганын белгиледи. АӨБ Директорлор кеңеши ошондой эле жакынкы келечекте Кыргыз Республикасы үчүн тобокелчиликтер катары COVID-19 пандемиясынын таасири, инфляция, Украинадагы кризис жана чек ара чатагы саналарын белгиледи.

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасында башталган ири долбоорлорду, атап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСин, «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий