• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбек авиакомпаниялары Бишкек каттамдарынын баасын түшүрдү

Коом 0

Ташкент, 15.01.18. /Толонбай Курбанов – Кабар/. “Узбекистон хаво йуллари” Улуттук авиакомпаниясы Ташкент-Бишкек-Ташкент багыттары боюнча дифференцияланган бааларды киргизип, авиабилеттердин баасын төмөндөттү. Бул тууралуу бүгүн авиакомпаниянын маалыматтык кызматынан билдиришти.

Эми жүргүнчүлөр Кыргызстандын борборуна авиабилеттерди жаңы жарнамалык үч айлык O/S/U/L классындагы баалар менен сатып ала алышат.

Авиабилеттин эң төмөнкү баасы эми бир тарапка 91 евро, келип кетүү үчүн 171 евро. Төлөм Өзбекстан Республикасынын ББ курсу боюнча жүргүзүлөт. Билеттерди авиакассалар жана авиакомпаниялардын сайттары аркылуу алууга болот.

Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамдарын өзбек авиа линиялары жумасына эки жолу шейшемби жана бейшемби күндөрү А320 комфортабелдүү учактары менен жүргүзүшөт. Учуулардын жүгүртмөсү Бишкекке бара жаткан жүргүнчүлөр таңкы жана кечки сааттарда иштерин пландаштырууга ыңгайлуу болушу үчүн түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий