• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинети «Керемет банктын» акцияларын 7,1 млрд сомго сатып алууну көздөөдө

Экономика 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинети «Керемет банктын» акцияларынын пакетин сатып алууну көздөөдө.

Күн мурун, ЖКнын Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоорду карап, биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоору тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев маалымат берди.

Долбоордо министрлер кабинети «Керемет Банк» ААКнын Улуттук банкка таандык 7 млрд 126 млн 432 миң сом өлчөмүндөгү («Керемет банктын» 100% таза капиталынын 97.45%) акциясын сатып алуусу сунушталууда.

Министрлер кабинети тарабынан активди сатып алуу боюнча бүтүм фондулук биржадан тышкары, тактап айтканда, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине түз которуу жана «Керемет Банк» ААКсында баалуу кагаздары бар жеке тараптардын реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылмакчы.

Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык Улуттук банктан «Керемет Банк» ААКсынын акцияларынын пакети министрлер кабинетине өтүшү менен ал КР мыйзамдарында каралган комиссиялык жыйымдардан жана алымдардан бошотулат.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, өткөн жылы банктын таза кирешеси 1 млрд сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий