• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү жана илим министрлиги: Израиль университетине магистратурага тандоо жарыяланат

Коом 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Израиль университетине магистратурага тандоо жарыяланууда. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын сентябрына чейин Израиль Мамлекетинин ТИМине караштуу “МАШАВ” Израиль эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча агенттиги Еврей жана Хадасс клиникасы университеттери менен биргеликте Израилде коомдук саламаттыкты сактоо магистри даражасына эл аралык окутуу программасын (окутуу англис тилинде) өткөрөт.

Талапкердин билдирүүсүн формасы жана талапкерлерге карата талаптардын маалыматтык брошюрасы Израиль Мамлекетинин элчилигинин http://embassies.gov.il/astana сайтында (Отделы Посольства - МАШАВ – Курсы МАШАВ) жеткиликтүү.

Документтер пакетинин англис тилиндеги электрондук вариантын Израиль мамлекетинин элчилигине mashav@astana.mfa.gov.il дарегине 2017-жылын 30-апрелине чейин жөнөтүү керек.

Казакстандагы МАШАВ программасынын координатору Галиев Артур (тел.: +996 772 538073, +996555 760382).

Пикир

Оставить комментарий