• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстан ТИМдер аралык саясий консультация өткөрүшөт

Саясат 0

Ташкент, 13-март /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова башында турган Кыргызстандын делегациясы кечээ тышкы саясий ведомство башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде кыргыз-өзбек Тышкы иштер министрлер аралык саясий консультация жүргүзүү үчүн Ташкентке келишти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин абалына бирдиктүү анализ жүргүзүшүп, аны мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды карашат.

Иш сапардын алкагында Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Таабалдиев менен Өзбекстандын башкы улуттук “ӨзА” маалымат агенттигинин башкы директору Маматкул Хазраткуловдун жолугушуусу болот.

Пикир

Оставить комментарий