• 84.8
  • 96.12
  • 1.11

Дүйнөдө жылына кургак учуктан 600гө жакын киши каза табат, ал эми Кыргызстандачы?

Аналитика 0

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча соңку учурларда дүйнөдө ар бир секунд сайын бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алса, ар бир 20 секундда кургак учуктан бир адам көз жумуп, жылына бул дарттан 600гө жакын киши каза табат. Ал эми Кыргызстанда кургак учук оорусунун абалы кандай? Бул оорудан кантип сактанууга болот? Жана башка кургак учукка байланыштуу көйгөйлүү маселелердин тегерегенде Улуттук Фтизиатрия борборунун директорунун илим иштери боюнча орун басары Атыркүл Токтогонова “Кабар” маалымат агенттигине маек курду.

- Атыркүл Акматбековна, алгач кургак учук тууралуу маалымат берсеңиз?

-Кургак учук адамдын бүт органдарына жана системаларына залал келтирет. Мисалы: өпкө, сөөк-муун, заара-жыныс система органдары, мээ, без, тери ж.б. Алардын ичинен өпкөнүн жабырланышы көп кездешет (85% ке чейин) жана эл ичинде тароосу-жугуштуулугу да ушундан, анткени аба аркылуу тароо эң негизги тароо түрү деп эсептелет. Башка органдардан жугуштуулугу өпкөгө караганда көп байкалбайт. Кургак учук менен ооруган адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, дем алганда абага өтө көп микробдор чыгат. Микробдор жанындагы адамдар дем алганда өпкөсүнө барып конот. Эгерде адамдын иммунитети (сактоо системасы) күчтүү болсо микробдорду иммун системасы өлүмгө учуратат. Эгерде иммунитети начар болсо анын өпкөсүндө ыйлакчалар пайда болуп, ал акырында тешилип кетет. Бирок кишинин иммунитети алар менен күрөшүп оору жай күчөй турган оорулардын катарына кирет. Бул убакыт 3-4 айдан бир жылга чейин созулат.

-Адамдын кургак учукка чалдыгып калганы бат эле билинеби?

-Кургак учуктун коркунучтуулугу – аны жуктуруп алган адам көпкө чейин оорусу билинбей жүрө бергендикте. Биринчи билинген симптомдору болуп арыктоо, шайы ооп, тамакка табити тартпай баштоосу эсептелет. Бул симптомдордун баардыгы абдан аз-аздан башталгандыктан, денесинин ысыганына дагы адам конуп калат. Жөтөлдүн пайда болгону да 4-6 айда барып билине баштайт. Бир топ кишилер тамеки чегет, бронхит менен ооругандар бар. Ушундан улам жөтөлүп жатам деп, кенебей жүрө бериши мүмкүн. Кургак учукка чалдыккан бир адам 15-25 кишиге чейин жугузушу мүмкүн. Эгерде ал чоң жамаатта иштесе, көрсөткүч андан да көбөйөт. Бул оору менен тынбай күрөшүүдөбүз. Ишибиздин натыйжасы бар. Ооругандар азайды. Эң чоң көрсөткүч 2002-жылы болгон. Ал учурда 100000 кишиге эсептегенде 127 адам ооруп, 27 киши каза болсо, бул көрсөткүчтөр азайып, бүгүнкү күндөрү 100000 кишиге эсептегенде 92 адам ооруп, 5 киши каза болуп калууда.

-Кайсы курактагылар көп ооруйт?

-Кургак учук менен бала да, чоң киши да ооруйт. Кургак учукка чалдыккан балдардын чоң кишилерден айырмасы - жугуштуу формасынын аздыгы. Анткени, эки өпкөнүн ортосунда, моюнда жана башка жерлерде бездердин жайгашышы чоңдорго караганда балдарда көп болот. Бул болсо микробдордун абага таркашына тоскоолдук жаратат. Анын үстүнө кургак учукка чалдыккан бала бат арыктап, оорусу тез билинет. Адам убагында дарыланса 2 жуманын ичинде жугушсуз болуп калат. Бирок, дарыны бир күн эле ичпей койсо, эртеси эле оору жугуштуу боло түшөт. Мына ушул опурталдуу.

-Кургак учукка каршы даарыларды кайдан аласыздар?

-Кургак учукка каршы даарыларды 20 жылдан бери донорлордон - Бүткүл Дүйнөлүк Банктан, Глобалдык фонддон алып, алардын гана колун карап келсек, 2016-жылдан тартып өзүбүздүн мамлекет камсыздоодо. Өкмөт Медициналык милдеттүү камсыздоо фонду аркылуу Улуттук Фтизиатрия борборуна 30 млн. сом бөлүп берген. Мына бир жылдан бери мамлекеттик бюджетке сатып алынган дарылар менен ооруларды дарылап атабыз.

-Кургак учуктун дарылары организмге кандай таасир этет?

-Кургак учуктун дарыларын адамдын организми жакшы көтөрөт. Дарылар бекер берилет. Убагында ичип, врачка көрүнүп, какырыгын тапшырып анализден өтүп турушу гана зарыл. Бул ооруга чалдыгып калгандар бейтапканага жатып, же үйдөн да дарыланса болот. Үйдөн оорулуунун идиштерин бөлүп коюунун кереги жок. Идиш-аяк жуу, бет арчыны, сүлгүнү өзүнчө колдонуу – бул өздүк гигиена. Кургак учуктун микробдору назик болот. Абага чыкканда, жерге түшкөндө тез эле өлүп калат. Бирок өтө жеңил болгондуктан, шамалдабаган, күн тийбеген жер болсо 8 сааттап абада калкып тура берет. Оорулуу адам ал жерден кетип калгандан кийин деле башка адам ошол микроб менен дем алып жутуп алышы мүмкүн. Ошондуктан бөлмөлөрдү желдетип туруу зарыл.

- Кыргызстанда кургак учукка чалдыгуу көппү же азбы?

-Учурда Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Кыргызстан кургак учукка чалдыгуу жагынан алдыңкы орунга чыкканы өкүнүчтүү. Буга чейин Казакстан, Тажикстандан кийин 3-катарда эле. Эки жыл ичинде бул өлкөлөрдө кургак учук менен ооруп калуу кескин азайды. Кыргызстанда да азайып жатат, бирок жай. Мисалы 2002-жылы көптөгөн мамлекеттерде кургак учук күчөп турган маалда Кыргызстанда 100000 кишиге 127 адам туура келчү. Бул өтө чоң көрсөткүч. 50дөн ашканда эпидемия болуп эсептелет. Ошол учурда Казакстанда 100000 кишиге 165 адам туура келип калган. Акыркы 2016-жылдын көрсөткүчү боюнча Казакстан 63кө, Тажикстан 52гө, Кыргызстан 92ге түштү. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө кургак учук менен ооруп калууну кескин азайтуу, ага каршы күрөшүү үчүн бир топ иш-чаралар жүрүп жатат.

- Кургак учуктун кандай түрлөрү кездешет?

-Кургак учуктун 2 түрү бар. Биринчиси – жаңыдан ооруга туштуккандардыкы, же айыгып калып кайрадан жуктуруп алгандардыкы дарылоого жеңил келип, 6 айда айыктыруга болот. Мындай оорулуулардын көрсөткүчү жылыга 7000-7500дөй киши. Экинчиси – дарыны ичип жүрүп, ортодон таштап коюп, аягына чейин дарыланбай койгондор бар. Мында микробдор күчөп, өзгөрүп, мурдагы ичкен дарыларына өлбөй туруктуу болуп калат. Мындай оорууларды дарылоо кыйын. 2016-жылы мындай 1125 оору табылган. Кургак учуктун бул күчөгөн 2-түрүн 2 жыл боюу тынбай дарылоого туура келет. Ага 4 эсе көп чыгым талап кылынат. Кургак учуктун 1-түрүнө 2 дары берилсе, 2-түрүнө 6 дары берилет. 2009-жылы кургак учуктун күчөп кеткен 2-түрү боюнча 42% гана оору айыктырып келсек, андан бери оорулууларга тынбай түшүндүрүп, кулагына кумдай куюп жатып, 2014-жылдан бери 52-58% ооруну айыктырууга жетишип жатабыз. Бул жакшы көрсөткүч.

- Кургак учукту жуктуруп албаш үчүн эмне кылыш керек?

-Кургак учукту жуктуруп албаш үчүн убагында тамактанып, убагында эс алып, ден соолукту чың кармоо керек. Жөтөлүп жүргөн кишиге көңүл бурбай коюуга болбойт. Ал адамдан анализ тапшырганын сурап, тапшырбаса анализден өтүшүнө түрткү берүү зарыл. Себеби, кургак учук бүт органдардын ичинен өпкөнү көбүрөөк жабыркаткандыктан, жөтөл анын эң негизги белгилеринин бири болуп саналат. Ырас, адам суук тийип калса деле жөтөлөт. Бирок кургак учукту жуктуруп алган адам аз-аздан жөтөлүп баштап, суук тийгенге каршы дары ичсе айыкпайт. 2 жумадан кийин какырык чыга баштайт. Демек жөтөлү басылбаса сокдуктурбай анализ тапшырышы керек. Кээ бирөөлөрдүкү бир жолу тапшырганда эле чыгат. Айрымдардыкы 2-3 жолу тапшырууга туура келет. Кургак учукка анализди баардык медпунктарда бекер тапшырышат. Кургак учуктан арылууга, айыгууга болот. Кайдыгерлик кылбаш керек.

-Кургак учуктан какыс айыгуу үчүн эмне кылуу керек?

-Кургак учуктан 100 кишиден 85, ал тургай 95 кишиге чейин таза айыгып чыгууга болот. Бул үчүн врачка убагында кайрылып, дарыны 6 ай боюу калтырбай ичүү талап кылынат. Адамдар кургак учук менен ооруганын жашырышат. Кургак учуктан дарыланып, айыгып калган адамга жакындоодон, сүйлөшүүдөн чоочуп, качып турушат. Бул туура эмес, дарыланып айыгып чыккан адамдан кургак учук жукпайт. Бирок, кургак учукка чалдыгып калганы аныкталганга чейин жанындагыларга жугузуп койгону коркунучтуу. Адамдар мына ушундан сак болушу керек. Айрыкча жөтөлүп калгандар суукка урунуп калдым окшойт деп жүрө бербей, токтоосуз медпунктка барып, анализге какырыгын тапшыруусу зарыл. Кокус адам кургак учукка чалдыгып калса, стресс болуп өзүн таштап коюусу мүмкүн. Ошондуктан ага биринчи кезекте моралдык жардам зарыл. 6 ай тынбай дары ичсе айыгып кетерин айтып, түшүндүрүп колдоо көрсөтүү керек.

Маектешкен Дайырбек Мейманов

Пикир

Оставить комментарий