• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 19-24.02.18

Аналитика 0

Фонд ЕАЭБден толукталат. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна (РКӨБ) 5 жылдык мөөнөткө 50 млн АКШ доллар насыя линиясын берери белгилүү болду. Бул тууралуу келишимге ЕАӨБ башкармалыгынын Андрей Бельянинов жана РКӨБ төрагалары Эркин Асрандиев кол коюшту.

Алынуучу каражаттар Кыргызстанда Фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан, инвестициялык долбоорлорду, ошондой эле КРнын коммерциялык банктары аркылуу Фонддун максаттуу программаларын каржылоого арналган.

Эки эл аралык өнүктүрүү институттарынын өз ара алакалары Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого аракеттешет, ошондой эле ЕАӨБ катышуучу-мамлекеттеринин экономикалык интеграциясын тереңдетүүгө шарттарды түзөт.

Инвестициялар тууралуу. 2017-жылга мамлекеттик инвестициялардын программасын эки гана министрлик – ӨКМ жана КР Унаа жана жолдор министрлиги аткарышкан. Вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун айтымында, акыркы жылдары көптөгөн ведомстволор тарабынан Мамлекеттик инвестициялардын программаларын аткарбоо кооптуу тенденциясы байкалууда.

“2017-жылдын ичинде Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 83 долбоор ишке ашырылды. 2017-жылы мамлекеттик инвестициялардын бекитилген бюджетинин жалпы суммасы 39 млрд сомду түзгөн, анын иш жүзүндө аткарылышы 27,8 млрд сомду же белгиленген пландын 71% гана түздү. Ошол себептүү 11,3 млрд сом өздөштүрүлбөй калган”, – деп билдирди ал.

Соода өсүүдө. ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара азык-түлүк продукциялары боюнча сооданын өсүшү евразиялык интеграциянын тереңдешин күбөлөндүрөт. 2017-жылы ЕАЭБ өлкөлөрү менен айыл чарба товарларынын соодасы Бажы биримдиги түзүлгөн 2010-жылга караганда 63%га өскөн. Ал эми сооданын көлөмү 8,2 млрд долларды түзгөн. Ал арада ЕАЭБден тышкары үчүнчү өлкөлөргө азык-түлүк товарларынын экспорту эки эсе көбөйгөн.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба жана азык-түлүк товарларынын экспортунун өсүшү 3,6 млрд долларды түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 20,6 млрд доллар деңгээлине жеткен.

Өсүү күтүлгөндөн жогору. 2017-жылы Кыргызстанда экономикалык өсүү күтүлүп жаткан көрсөткүчтөрдөн ашып өттү. КР Өкмөт башчысы Сапар Исаков ЕАЭБ өлкөлөрү арасында өсүү темпи боюнча Кыргызстандын алдыңкы позицияда экенин өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, өсүүнүн оң темпи өлкө экономикасынын дээрлик бардык тармактарында сакталууда.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2017-жылдын жакшы жыйынтыктарына карабастан, алдыбызда калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жаңы өндүрүштү жана жумушчу орундарын түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана Евразия экономикалык бирлигинде интеграцияны тереңдетүү боюнча ири маселелер турат.

“2018-жылга Өкмөттүн саясатынын негизги максаты экономикалык өсүүнүн оң динамикасын сактоо жана улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүн жогорулатуу аркылуу макроэкономикалык туруктуулукту сактоо болот. Элдин экономикалык жыргалчылыгын, социалдык жетиштүүлүгүн, коопсуздук жана ылайыктуу шарттарды камсыздоо боюнча үч негизги багыттан турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаны доорго – кырк кадам 2018-2023” программасын эффективдүү ишке ашыруусу, ошондой эле санариптик трансформация боюнча жогорку технологиялык долбоорлорду илгерилетүү жана Программанын алкагында ачык жана таза мамлекетти куруу Өкмөттүн алдындагы негизги максаттарынан болуп саналат”, – деп белгиледи Сапар Исаков.

Кыргызстандын ИДПсы. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 493,3 млрд сомго жетти. Бул экономиканын өсүүсү 4,5% экенин билдирет. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн 22-февралдагы жыйынында КР экономика министри Артем Новиков билдирди.

Ал билдиргендей, экономиканын бардык тарамактары тарабынан экономикалык өсүш камсыздалган, анын ичинде: айыл чарбада өсүү көлөмү – 2,2 %, курулушта – 7,1 %, тейлөө тармагындагы өсүш 2,1 % барабар болгон.

“Негизги өсүш өнөр жай секторунда орун алып, анда негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорулоосу, металлургиялык рудаларды казуунун жогорку көрсөткүчү, электр энергиясын өндүрүүнүн, аны жеткирүү жана бөлүштүрүүнүн жогорулашы эсебинен 11,8 % реалдуу өсүү темпи орун алган”, – деди ал.

Экономиканын келечеги. 2018-жылы экономикалык өсүү 3,6% түзүүсү керек. Мындай көрсөткүчкө Өкмөт мүчөлөрүн КР премьер-министри Сапар Исаков министрлер кабинетинин жыйынында багыттады.

“Бекитилген болжолго ылайык, 2018-жылы экономикалык өсүү 3,6% түзүүсү керек. Ошондуктан биз 2017-жылдын жыйынтыгын эске алуу менен туруктуу экономикалык өсүүнү сактап калып жана бардык болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылуубуз зарыл”, – деп жыйынтыктады Премьер-министр.

“2018-жылга Өкмөттүн саясатынын негизги максаты экономикалык өсүүнүн оң динамикасын сактоо жана улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүн жогорулатуу аркылуу макроэкономикалык туруктуулукту сактоо болот”,- деп белгиледи Исаков.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий