• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Дарак ырынын” саундтрегин Светлана Назаренко кыргызча ырдап чыкты (видео)

Маданият 0


Бишкек, 26.02.18. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Жаш режиссер Айбек Дайырбековдун Борбор Азия боюнча биринчи “Дарак ыры” кыргыз мюзиклинин саундтреги жарык көрдү.

Тасмага арналып жазылган чыгарманы “Central Asia Film” өзүнүн фейсбуктагы расмий баракчасына жарыялаган. Чыгарманы "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко менен КР Эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева аткарган.

Ырдын сөзүн акын Бактыгүл Чотурова, музыкасын Жолдош Апасов жараткан.

Ырды жаздыруу жана клипти тартуу иштери Игорь Матвиенконун Москвадагы студиясында жүргүзүлдү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эртең, 28-февралда “Манас” кинотеатрында өтүүчү “Дарак ыры” тасмасынын бет ачарына Светлана Назаренко жана Жылдыз Осмоналиева Москва шаарынан учуп келишет.

Кино тарыхындагы биринчи “Дарак ыры” мюзикли 1-марттан тарта бардык кино театрларда көрсөтүлө баштайт.

Тасма Ысык-Көл көлүнүн кооз жерлеринде тартылган. Тасма үчүн атайын дээрлик 200 кийим тигилип, алардын бардыгы салттык баалуулуктарды камтыган. Этникалык музыкалык композициялар да атайын тасма үчүн жазылган. Тартуу иштери өлкөнүн бир нече региондорунда болгон.

Сценарийдин автору жана режиссеру Айбек Дайырбеков.

Пикир

Оставить комментарий