• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан жана Монголия маданий алакаларды бекемдөө боюнча макулдашты

Маданият 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Азамат Жаманкулов мамлекеттер ортосундагы кызматташуунун өбөлгөлөрү катары көчмөн маданиятын жана эки элдин орток тарыхы Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы байланыштын негизи боло тургандыгын белгилеп, Монголия мамлекетинин катышытыгы бар маданий окуяларга кыскача токтолуп, ыраазычылык билдирди.

Ал эми Монголиянын элчиси Ганхуяг Содном келерки жылы Монголия менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата бир катар маданий иш-чараларды уюштурула тургандыгын маалымдап, өспүрүм жана жаштар жаатында иш-чаралар өтө тургандыгын кошумчалады.

Элчи ошондой эле министрге Монголиянын Маданият жана билим берүү министрлиги тарабынан “Манас” эпосунун балдар үчүн ылайыкташтырылган вариантын монгол тилине котормосу үчүн изилдөө боюнча иштер жасалып жаткандыгы боюнча токтолуп, өз кезегинде ал "Чыңгыз хандын" эпикалык жомогун Кыргызстанда жайылтуу маселесин сунуштады.

Тараптар ошондой эле маданий мекемелердин, анын ичинде опера жана балет театрларынын жана тарых музейлеринин ортосунда байланыш түзүүнү макулдашышты.

Мындан тышкары, биргелешкен илимий-археологиялык изилдөөлөр, дзюдо жана башка өнүккөн өлкөлөрдүн спортчулары үчүн биргелешкен окуу-машыгуу лагерлери, ошондой эле журналисттер менен туристтик компаниялар үчүн турлар боюнча маселелерди иштеп чыгуу боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий