• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ыкчам маалымат: Бишкек ЖЭБде дагы бир отказан ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 04.02.24./Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) бүгүн дагы бир отказан ишке кирди.

Энергетика министрлигинин ыкчам маалыматына караганда, учурда ЖЭБде жалпысынан 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатат.

Бишкек ЖЭБнин жалпы кубаттуугу 270 МВт.

Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20200 т/саат, температурасы 40 градустан 61 градуска чейин.

Энергетика министрлиги ЖЭБдеги кырдаалдан жабыркап, Түркияга дарылануу үчүн кеткен кызматкерлерден тез-тез кабар алып, алардын жакындары менен тыгыз байланышта болууда.

Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий