• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери башталды

Коом 0


Бишкек, 26-май /Кабар/. Күндүн жылышы менен шаардык жолдорду капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылы «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына 44 жол жана тротуарларды калыбына келтирүүгө шаардык бюджеттен 600 млн сом бөлүнгөн. Пландаштырылган иштер 2016-жылдын сентябрына карата 158 млн 684 миң сомго аткарылган. Мында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен дагы 17 шаардык көчө оңдолгон. Бирок, бул иштер курулуш сезонунун соңунда башталгандыктан, иш толук бүтпөй калган.

Быйыл ишкана 51 шаардык көчөнү оңдоону пландап жатат. Бул үчүн атайын техника сатылып алынып, эки асфальтбетон заводу иштейт.

КЭР өкмөтү тарабынан бөлүнгөн гранттык каражаттарга 49 көчө жана 7 көпүрө курулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий