• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте майыптыгы бар балдарга иппотерапия уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Ынтымак 2" жана "Ата-Түрк" сейил бактарында майыптыгы бар балдар үчүн иппотерапия уюштурду.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, балдар үчүн аянтчада кызыктуу оюндар, ысык тамак-аш даярдалып, сейил бакка саякат уюштурулду. Саякаттоо үчүн балдарды 3 пони жана 3 ат тосуп алды. Оюн-зооктон тышкары балдарга таттуу белектер да тартууланды.

Иппотерапия бул – атка минүү жана ат менен байланышуу аркылуу ар кандай ооруларды дарылоо.

Пикир

Оставить комментарий