• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын Россиядагы элчилиги кыргызстандыкты кулчулуктан бошотууга жардам берди

Коом 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. КРнын Россиядагы элчилиги кыргызстандыкты кулчулуктан бошотууга жардам берди. Бул тууралуу дипломатиялык миссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын жараны Бекболотов Үсөн 2017-жылы 22-февралда элчиликке анын 1990-жылы туулган баласы Бекболотов Уларбекти издөөгө жана кулчулуктан бошотууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

КРнын РФдагы консулдук бөлүмү тарабынан Уларбекти издөө боюнча чаралар кабыл алынган. Ыкчам издөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында У.Бекболотов Карачаев-Черкесс Республикасынын Жогорку Теберда айылында экени, Расул Биджиев дегендин талаасында иштей турганы аныкталган.

Кийин У.Бекболотов өз алдынча бул айылдан белгисиз жакка кетип калганы белгилүү болгон. Уларбектин кайда жүргөнүн аныктоо максатында Карачаев-Черкесс Республикасы боюнча ИИМдин дарегине кат жөнөтүлүп, жергиликтүү укук оргоо органдары менен байланыш түзүлгөн.

Элчиликтин жана жергиликтүү укук коргоо органдарынын жардамы менен У.Бекболотов Черкесс шаарынан Москваны көздөй автобуска отурган. Жолдо катар элчиликтин кызматкерлери Уларбек менен байланышта болушуп, Москвага жеткенче аймактар аралык өткөрүү бекеттеринен токтоосуз өтүүсүнө жардам көрсөтүлүп турган. Антени У.Бекболотовдо өздүгүн ырастаган документтери болгон эмес.

3-мартта болжол менен 15:30 чамасында У.Бекболотов Москвага келип, тууганы Каипова Жамиляга өткөрүлүп берилген. Атасы Бекболотов Үсөнгө баласы Уларбектин табылганы тууралуу маалымат берилген.

6-мартта У.Бекболотовго Кыргызстанга кайтуу тууралуу күбөлүк берилип, ошол эле күнү ал Ош шаарына учуп келген.

Пикир

Оставить комментарий