• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казак-түрк университети кыргызстандыктарга окууга грант бөлөт

Коом 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. Түркестан шаарындагы (Казакстандын Түштүк-Казак облусу) Х.А.Ясави атындагы казак-түрк эл аралык университети окууга тапшыруу үчүн документтерди кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу КРнын билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Универститет 1991-жылы Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин жеке демилгеси менен Казакстан менен Түркиянын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдин жана макулдашуунун негизинде түзүлгөн.

Өкмөттөр аралык ыйгарым кеңештин чечимине ылайык, Казакстандын өкмөтү тарабынан жыл сайын аталган ЖОЖго түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаштарын окутуу үчүн максаттуу билим берүү гранты бөлүнөт. 2017-2018-окуу жылында Кыргызстандын жарандары үчүн 15 грант бөлүнөт.

Бардык студенттер жатакана, мамлекеттик стипендия менен камсыз болушат, андан тышкары аларга бир жылда бир жолу өздөрүнүн өлкөсүнө барып келүү үчүн жол чыгымы төлөнүп берилет.

Абитурианеттердин документтерин кабыл алуу 2017-жылы 1-июндан 30-июнга чейин www.admission.ayu.edu.kz дареги боюнча онлайн режиминде жүзөгө ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий