• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөргө 20 лифт орнотулат

Коом 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы жүргүнчү лифттерин модернизациялоону баштады. Бул тууралуу шаарджык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда ишкананын кызматкерлери орнотуу иштерин тѳмѳнкү даректер боюнча: 7-кичирайондогу № 25, 33, Түштүк-2 кичирайонундагы №10, 4, 9, Үсөнбаев көчөсүндөгү № 3, Ибраимов көчөсүндөгү № 26, 30 турак үйлөрдө жүргүзүүдѳ.

Быйыл пайдалануунун ченемдик мөөнөтүнѳн ѳткѳн, турак үйлөрдүн жыйырма муниципалдык лифттин алмаштыруу пландаштырылган.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында лифт жабдууларын жеткирүү боюнча тендер өткөрүлүп, жеңүүчү Беларусь Республикасынын «Могилевлифтмаш» ААК компаниясы аныкталган.

Техника жабдуулары борборго июль айында келген.

Пикир

Оставить комментарий