• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чыныбай Турсунбеков: “Жашоонун туткасын кармаган аялзаты улутту улут, элди эл кылган эбейгейсиз күчкө ээ”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандагы жалпы айымдарды 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө куттуктоо текстин келтиребиз:

Урматтуу энелер!

Ардактуу эже-карындаштар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаз менен кошо жадырап кирип келген 8-март -Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм!

Адамзаттын урпагын улап, жашоонун туткасын кармаган аялзаты улутту улут, элди эл кылган эбейгейсиз күчкө ээ. Эненинтерметкен бешиги жер шарын тынчтыкка бөлөсө, эже-карындаштарыбыздын жылмайганы ааламга нур чачып, дүйөнү гүлбакчага айлантат. Уюткулуу кыргыз эли “бейиш эненин таманында, аял үйдүн куту, кыздын кырк чачы улуу” деп асылзат айымдардын аруулугун, мээримдүүлүгүн даӊазалашкан.

Ошондой эле, бабаларыбыздын баскан жолу да энелерибиздин айткан алдейи, жасаган кол эмгектери аркылуу уланып, апаларыбыздын өчпөгөн коломтосу шам чырактай келечек муунга жол көрсөткөн. Кыргыздын көптөгөн кыз-келиндери эр жигиттерден кем калбай Мекенди коргоодо жана мамлекеттүүлүктү сактоодо да арбын иш жасап, жан шеригинин алдында же артында эмес дайым жанында болушкан. Эркин демократиялык багытты тандап алган азыркы жолубузда да энелерибиздин ушул асыл сапаты баарыбызга таяныч болууда.

Кымбаттуу кыргызстандык асылкеч айымдар!

Сиздер бир үйдүн гана кубанычы эмес, жалпы улутту бакытка бөлөгөн, көөнөрбөс табериксиздер. Өлкө келечегин жаратып, улуттун учугун улаган кадырман энесиздер. Сиздердеги аруулук, сабырдуулук жана кажыбаскайрат калкыбызга дем-күч берип, баарыбызды жаркын үмүткө чулгайт. Силерге гана таандык делген сулуулук дүйнөгө көрк берип, чексиз сүйүүгө толгон жүрөгүӊүздөр ааламды жакшылыкка үндөйт.

Бар болуӊуздар! Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен! Ден-соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм! Турмушуӊуздар бүлүнбөсүн, ырыскыӊар төгүлбөсүн, жамандык көрбөй, жакындарыӊар менен бирге бактылуу өмүр сүргүлө. Силер ага татыктуусуӊар!

Пикир

Оставить комментарий