• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча Испаниядагы эл аралык мелдеште алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 04.02.24./Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Испаниядагы Boxam эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 29-январда Ла-Нусия шаарында башталган, 3-февралда жыйынтыкталды.

Мунарбек Сейитбек уулу 60 кг чейинки салмакта жалпы төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалдык беттеште швейцариянын спортчусун утса, чейрек финалда индиялык, жарым финалда шотландиялык спортчуну жеңген.

Ал эми алтын медаль үчүн беттеште Мали өлкөсүнөн келген мушкерди утуп чемпион болду.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык боксчу Сагын Сатыбалды уулу аталган мелдеште коло байге ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий