• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык боксчу эл аралык мелдеште коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Сагын Сатыбалды уулу эл аралык мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Boxam эл аралык мелдеши Испаниянын Ла-Нусия шаарында өтүп жатат.

Мушкер 80 кг чейинки салмак ченинде катышты.

Ал 1/8 финалдык беттеште Польша өлкөсүнүн мушкерин жеңип, чейрек финалда бельгиялык спортчуну артта калтырган.

Ал эми жарым финалдык беттеште өзбекстандык мушкерге жеңилип, 2-орунга ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий