• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда оор атлетика боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүгө унаа тапшырылат

Спорт 0

Бишкек, 24.11.17. /Айжамал Душоева - Кабар/. Токтогул шаарында 21-декабрда жеткинчектер арасында оор атлетика боюнча мелдеш өтөт.

“Кабар” агенттигине КР оор атлетика боюнча федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдиргендей, медаль үчүн 2001-2002-жылкылар жана андан жаштар күч сынашат.

Анын айтымына караганда, мелдештин жеңүүчүсүнө унаа тапшырылат. Ага Бишкек шаарынын оор атлетика федерациясы демөөрчү болгон.

Аталган турнирдин жыйынтыгында Өзбекстанда өтө турчу жаштар арасындагы Азия чемпионатына барчуу курама команда топтолот.

Пикир

Оставить комментарий