• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар бадминтон боюнча турнирде байгелүү орунга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Спорттук оюндар боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Тажикстанда өткөн бадминтон боюнча эл аралык турнирде үчүнчү орунга ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчулар командалык эсепте жана жуптар арасында коло медалга ээ болду.

Сыйлык алгандар:

Айсарова Жасмин - 2 коло медаль (командалык жана айымдар арасында жуп менен);
Азамат Элайым - 2 коло медаль (команда жана айымдар арасында жуп менен);
Кубатбек уулу Адилет - коло (команда);
Мадираимов Байэл - коло (команда).
Спортчулардын башкы машыктыруучусу Ниязбеков Татарбек.

Бадминтон боюнча Борбор Азия чемпионаты Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана Монголиянын 15 жана 17 жашка чейинки мыкты өспүрүмдөр арасындагы бадминтончулардын катышуусунда өттү.

Чемпионат Badminton Asia (Малайзия) тарабынан уюштурулду, бул чемпионат рейтингдик категорияга кирет, бул өлкөнүн дүйнөлүк деңгээлдеги рейтингине таасирин тийгизет.

Мелдештер мырзалардын арасында, айымдардын арасында жалгыздан жана жуптук негизде өттү.

Пикир

Оставить комментарий