• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Индияда поезд оодарылып кетип, 3 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 24.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүн, таң эртең менен Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатында поезд рельстен чыгып кеткен. Темир жол кырсыгынын натыйжасында үч адам каза болуп 10дон ашуун адам ар кандай жаратарды алышкан.

Жергиликтүү The Times Of India интернет-басылмасы билдиргендей, окуя жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен таңкы саат 4:18 чамасында “Маникпур” станциясына жакын жерде катталган. Поезд Васко да гаммы шаарынан Патна шаарындагы Гоа штатына карай бара жаткан.

ЖМК маалымдагандай, учурда Темир жол министрлиги каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга компенсация төлөп берүү боюнча иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий