• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Украинадагы үйлөнүү үлпөт тоюнда уулангандардын саны 58ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 17.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Украинанын Ровненск облусундагы үйлөнүү үлпөт тоюнда уулангандардын саны 58ге жетти. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматына таянып жазып чыкты.

Буга чейин аталган ведомствонун билдирүүсүндө, ооруканага 39 адам ууланып түшкөн, кийин алардын саны 45ке жеткен.

"17-июлда жергиликтүү саат менен 7:00дө дарылоо мекемесинде 58 адам (13 балдар) дарыланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Украинадагы "Гурман" кафесинде үйлөнүү үлпөт тоюнда 40ка жакын адам ууланып, ооруканага түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий