• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Украинада үйлөнүү үлпөт тоюнда 40ка жакын адам ууланды

Дүйнө 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Украинанын Ровненск облусундагы үйлөнүү үлпөт тоюнда 40ка жакын адам ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматына таянып жазып чыкты.

"Райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланды деп 39 адам (анын ичинен 8 бала) жеткирилген. Алар Мизоч шаарынын "Гурман" кафесинде үйлөнүү үлпөт тоюнда болушкан", - деп айтылат маалыматта.

Аталган кафеге 100 жакын адам келген. Учурда эпидемияга каршы иш-чаралар жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий