• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ажылык-2019: Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага учуп кетет

Коом 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар - Адил Төлөгөнов/. Бүгүн, 16сынан 17-июлга караган түнү ажыга бара турган кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиянын Медина шаарына учуп кетет. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Муфтияттан белгилешкендей, бүгүн түнүндө 392 зыяратчы жана аларды коштогон 8 ажы башчы Мединага учуп кетет.

Белгилей кетсек, бул жылы Сауд Арабия Кыргызстанга 5 миң 510 орун берген.

Пикир

Оставить комментарий