• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги: 6 колледжди капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 03.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда 6 колледжди оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Билим берүү министрлиги тарабынан жүргүзүлдү.

Атап айтканда, Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи, Бишкек техникалык колледжи, Бишкек авто-жол колледжи, Талас агрардык-экономикалык колледжи, Ош курулуш колледжи, Өзгөн технология жана билим берүү колледжинде 82 163 835 сомго чатырды, жылытуу жана жарыктандыруу системаларын, эшик-терезелерди жаңылоо, спорттук зал, китепканаларды ондоп-түзөө өңдүү иштер жүргүзүлгөн.

Жалпысынан долбоордун алкагында 34 пилоттук башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин реконструкциялоо,оңдоп-түзөө, алардын материалдык-техникалык базасын жаңыртуу, педагогикалык курамдын квалификациясын жогорулатуу иштери каралган.

Пикир

Оставить комментарий