• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең мамлекеттик туу күнүн белгилөөнүн алкагында Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Эртең, 3-мартта, Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага байланыштуу таңкы саат 06:00дөн 12:00гө чейин Чүй көчөсү Орозбековдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жана эски аянт - Абдумомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат.

Кайгуул кызматы айдоочуларды алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий