• 88.68
  • 95
  • 0.95

Штаб: Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда, деп билдирет ыкчам штаб.

Эртең мененки саат 09:00гө карата алынган ыкчам маалыматка караганда, учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 245 МВт.

6 отказан агрегаты жана 3 турбоагрегат иштеп жатат.

Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 500 т/саат, температурасы 35 градустан 68 градуска чейин.

Электр энергиясын иштеп чыгаруу 5.505.280 кВт.саат. Дагы бир казан агрегаты жана бир турбоагрегат отко даярдалып жатат.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий