• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мээримдүү тыйын! Бишкекте тез операцияга муктаж болгон балдар үчүн акча чогултулат

Коом 0

Бишкек, 24.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте 26-ноябрда тез жардамга муктаж болгон балдар үчүн операцияга акча чогултуу максатында “Мээримдүү тыйын” аталыштагы кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду билдирет.

Иш-чаранын башкы максаты – балдардын операциясына жумшалчуу акча каражатын чогултуу.

“Бир тыйын кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калуу үчүн зор салымын кошушу мүмкүн. Ошондуктан ар бир майда нерсе – маанилүү!”,-деп айтылат маалыматта.

Иш-чара “АЮ GRAND COMFORT” соода-борборунда саат 14:00 башталат.

Маалыматта айтылгандай, акцияда кыргыз эстрада жылдыздары катышат.

Пикир

Оставить комментарий