• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан бардык интеграциялык процесстерге жигердүү катышат - Жээнбеков

Саясат 0

Бишкек, 24.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан бардык интеграциялык процесстерге жигердүү катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясынын “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндөгү инаугурация учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан БУУ, КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ сыяктуу эл аралык уюмдарга жигердүү катышуусун улантат.

Жээнбеков Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон боордош Россия менен кызматташуу күчөтүлөрүн белгиледи.

“Кытай менен кызматташтык бекемделет. Борбор Азия өлкөлөрү менен бизди жалпы тарых, бир туугандык алакалар, достук, маданият байланыштырып турат. Ошол эле учурда бул мамилелерди бекемдөө керек, бири-бирибизди сыйлап, өлкөнүн ички саясатына кийлигишпөө принциптерин карманышыбыз зарыл”, -деди ал.

Президент Европа жана Азиянын өлкөлөрү менен кызматташтык уланарын маалымдады. Тактап айтканда, Япония, Корея, Индия, Монголия, Иран, Пакистан жана араб өлкөлөрү.

“Биздин максат ачык жана так. Биз өнүгүү жолу менен барабыз жана Кыргызстанды инвестициялар үчүн ыңгайлуу, эркин, укуктук жана күчтүү мамлекет кылабыз. Жакынкы жылдары биз экономиканы инвестициялыктан керектөөчүлүккө өткөрүшүбүз зарыл”, - деп кошумчалады мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий