• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын музейи ачылды

Коом 0

Бишкек, 10.11.21 /Кабар/. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын музейи ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-ноябрда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын борбордук аппаратында милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн кесиптик майрамы белгиленип, Чүй облусунун ИИББын музейинин салтанатуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Чүй облусунун ИИОнун жетекчилиги, ардагерлер жана өздүк курам катышты. Жолугушуу учурунда кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү үчүн бир мүнөттүк тыныгуу жарыяланып, эстеликке гүл коюлду.

"Музейдин ачылышына Чүй облусунун ардагерлери активдүү катышып, зарыл материалдарды чогултууда чоң эмгектерди жасашкан. Жаңы ачылган музей Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан мурда колдонулган техникалар, тарыхый документтер, сыйлыктар, сүрөт жана башка материалдар менен толукталды", - деп айтылат маалыматта.

Музейди ачуу демилгеси Чүй ОИИББнын мурдагы начальниги Самат Курманкулов тарабынан көтөрүлүп, оңдоп-түзөө иштеринин башында турган.

Иш-чарада Чүй ОИИББнын башчысы Сапарбек Асаналиев сөз сүйлөп, аймактык тескөөчүлөрдү кесиптик майрамы менен куттуктап, каалоо тилектерин айтты.

Андан сырткары бүгүн дагы өзгөчө иш-чарага токтолуп, Чүй облусунун ИИОнун музейи ар дайым милиция кызматкерлерине тиешелүү экспонаттар менен толукталып, буга чейинки кызматкерлердин эмгектери бааланып тураарын кошумчалады.

Иш-чаранын жыйынтыгында кесип ээлерине сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий