• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоголок Молдо көчөсүнүн бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Оңдоо иштерине байланыштуу 7-июндан тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Тактап айтканда, Щербаков көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейинки бөлүгү,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Бул тилкеде асфальтбетонду оңдоо, тротуарларды, жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 15-июлуна чейин аяктоо пландалууда.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий