• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Улуттук стилдеги курулуштар, түстүү таштардан шырдак – Бишкекти кооздо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы шаарды кооздо иштерин улантууда.

Ишканадан билдиришкендей, шаардын багбандары Юлиус Фучик жана Чүй проспектинин кесилишиндеги стеланы жаңыртуу жана көрктөндүрүү иштерин башташты.

Мурунку стеланын аянты жаңы жашыл аянтчасына айланып, жалаң гана жашыл өсүмдүктөр менен кооздолбостон, декоративдик элементтер менен көркүнө чыгат.

Эски аянтча оңдолуп, жанына жаңы улуттук стилдеги кошумча курулуштар жана ар түстүү декоративдик таштардан шырдак пайда болот. Мындан тышкары, жаңы аянтчага ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу дарактар жана дарактардын бонсай, юкка, барбарис, спирея түрлөрү отургузулат.

Ошондой эле 350 чарчы метр сугат тармактары орнотулат жана 520 чарчы метр көк майсан уруктары себилет.

Пикир

Оставить комментарий