• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

9 айда жарандардын даттануулары боюнча 16 салыкчы жазаланды

Коом 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. 9 айда жарандардын даттануулары боюнча 16 салыкчы жазаланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салык кызматына 2020-жылдын 9 айында жарандар жана салык төлөөчүлөрдөн 95 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Анын ичинен жазуу жүзүндө – 40 билдирүү, электрондук почта аркылуу – 34, “ишеним телефонуна” жана “шыр байланыш” номерине – 21.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 20 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 56 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 19 – ар түрдүү маселелери боюнча болгон.

Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 30 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 15 – тастыкталды, 6 – жарым-жартылай тастыкталды. Дагы 3 кайрылуу – кароо стадиясында турат жана 2өө маалымат үчүн.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 16 кызматкер жазаланды, анын ичинен 2 кызматкер кызматтан бошотулду, 2нө катуу сөгүш, 5нө – сөгүш, 4 – эскертүү, 1 – ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды жана 2 кызматкер ротацияландыгы. Мындан тышкары, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 4 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 20 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 4 билдирүү боюнча фактылар тастыкталды. Мыйзам бузгандарга карата административдик жаза-чаралары колдонулду.

Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 72 жаран болду, алардын ичинен 19 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 44 адам, кадрдык маселелер боюнча – 9 жаран болду.

Салык кызматы жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында, Салык кызматында (0312)61-31-89 номери боюнча "ишеним телефону", (0779)61-31-89 “шыр байланыш” номери электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги, коомдук кабылдама иштей тургандыгын билдирет. Ошондой эле, коомдук кабылдама да иштеп жатат, ал жарандарга кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрылууга мүмкүндүк берет.

Салык кызматы келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар боюнча кызматтык иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана андан ары тиешелүү чараларды көрүү үчүн контролдук сатып алуу жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий