• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте «Кургак учук темасын чагылдыруунун аспектилери» аттуу тегерек стол өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Бишкекте “Кургак учук темасын ЖМКларда чагылдыруунун аспектилери: жыйынтыктары жана келечеги” аттуу тегерек стол өтүүдө.

Тегерек столдун алкагында катышуучулар USAID`дин “Кургак учуктан айыктыруу” долбоору жана анын негизги жыйынтыктары менен таанышышат.

Иш-чараны КРнын улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадемин Каратаев ачты.

Анын айтымында, кургак учуктун алдын алууга жана дарылоого мүмкүн экендигине карабастан, оорудан башка жугуштуу ооруларга караганда көбүрөөк адамдар кайтыш болушууда.

“Учурда статистика Кыргызстанда дарыга туруштук берүүчү кургак учук менен ооругандардын көбөйүп жатканын көрсөтүүдө. Ошентип, COVID-19 пандемиясынын шартында кургак учуктун кесепети жогору болгон өлкөлөрдө кургак учуктун диагностикасы жана дарылоо кызматтары олуттуу түрдө үзгүлтүккө учурады, бул кургак учуктун катталган учурларынын санынын коркунучтуу азайышына алып келди”, - деди ал.

Мындан тышкары, тегерек столдун алкагында ЖМК өкүлдөрүнүн жүрүм-турумунун оң ыкмаларын колдонуу менен кургак учук менен ооруган адамдарга карата стигманы жана басмырлоону азайтууга көмөктөшкөн мыкты эмгектерге жарыяланган сынак тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле сынактын жеңүүчүлөрү жарыяланып, сыйлыктар тапшырылды.

Маалымат үчүн: USAlD`дин “Кургак учуктан айыгабыз” долбоору — кыргыз өкмөтүнө дарыларга туруктуу кургак учук менен ооруган адамдардын диагностикасын жана дарылоосун жакшыртууга жардам көрсөтүүчү беш жылдык программа.

Кургак учуктан айыктыруу долбоору кыргыз өкмөтү менен бирге эң эле жетүүгө кыйын болгон калк үчүн кургак учукка каршы кызматтардын жогорку сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында иш алып барат. Долбоор өзүнүн чынжыры катары акыркы эл аралык сунуштарга ылайык, Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы күрөштү өркүндөтүү үчүн системаларды, инструменттерди, ресурстарды жана адамдык потенциалды күчөтүүнү белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий