• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тогуз айда мал уурулук менен алектенген 87 кылмыштуу топ кармалды - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Ички иштер органдары тарабынан туруктуу негизде мүлктүк кылмыштардын, анын ичинде мал уурулугунун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстводон белгилегендей, 2021-жылдын 9 айында республиканын ички иштер органдарынын өндүрүшүндө мал уурулук боюнча 1137 материал болгон. Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында ушул мезгилдин ичинде 2500дөн ашык бодо мал уурдалган, алардын көбү майда мүйүздүү, экинчи орунда бодо мал, андан соң жылкылар.

Бардык фактылар боюнча КР Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп, анын алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында мал уурулук боюнча 902 кылмыштын бети ачылган.

Ички иштер органдарынын ыкчам бөлүмдөрү тарабынан мал уурдоого шектелген 366 адам кармалып, анын ичинен 60тан ашууну мурда соттолгон. Мал уурдоо боюнча адистешкен 87 кылмыштуу топтун, анын ичинде 187 адамдан турган кылмыштуу топтун аракеттерине бөгөт коюлуп, алар 274 кылмыштарды жасоого шектелүүдө.

Ички иштер министрлигинин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ар кайсы аймактарда 30дан ашык кылмышка шектелип, жалпысынан 28 адамдан турган мал уурулук менен алектенген 11 уюшкан топ жок кылынган.

Талдоо көрсөткөндөй, мал уурулуктардын көбү түнкүсүн болот. Мындан тышкары, уурулар үй ээлеринин сарайларына тоскоолдуксуз киришкендиктен көптөгөн мал уурулуктары орун алат, андан соң тез эле изин жашырып кетишет.

Үстүбүздөгү жылдын 22-24-октябрында ички иштер органдары тарабынан «Мал уурулук» алдын алуу рейддери өткөрүлдү. Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө мал доктурлары жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен биргеликте 70 мал союучу цех, 19 колбаса жасаган цехи, 44 мал базары, ошондой эле эт сатып алуу жана сатуу менен алектенген жарандар, терилерди кабыл алуучулар текшерүүгө алынган.

Жүргүзүлгөн рейддик алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгы менен республиканын ички иштер органдары тарабынан 160 кылмыштын бети ачылып, анын ичинен 17 мал уурулук боюнча болуп, мал уурдоого шектелген 9 адам кармалган.

Мындан тышкары, ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир нече жолу издөөдө жүргөн, бир нече жолу соттолгон Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган, ал мал уурулуктар боюнча 5 фактыга шектелип жатат.

"ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Мүлккө каршы күрөшүү башкармалыгы малдын коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү өтүнүчү менен жарандарга кайрылат. Мал багуу үчүн имараттарды бекемдөөнү, дарбазаларга жана эшиктерге кулпуларды жана башка ишенимдүү бекиткичтерди орнотууну, иттерди багып алууну сунуштайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий