• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде куткаруучулар аялды бекилип калган лифттен алып чыгышты

Аймак 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Баткендин Кызыл-Кыя шаарында куткаруучулар аялды бекилип калган лифттен алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аял Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифттен чыга албай калган.

“Куткаруучулардын ыкчам аракети менен аял куткарылды. Учурда ал медициналык жардамга муктаж эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий